Биз менен байланышыңыз

Токио-2020: Медалдар боюнча Кыргызстан 67-орунга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 3 Авг 2021 | 1971 | 0

Балбан Акжол Махмудовдун (77 кг) күмүш медалы Кыргызстанды Олимпиада оюндарында байге алган мамлекеттердин катарына кошуп, өлкөбүз тизмеде 67-орунду ээлөөдө.

Акжол Махмудов эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарында күмүш алган экинчи кыргызстандык спортчу болуп калды. Буга чейин күмүш байгени 2008-жылы Канат Бегалиев уткан.

Борбор Азия мамлекеттери арасында Олимпиада оюндарында Өзбекстан 1 алтын, 1 коло (48-орун), Түркмөнстан 1 күмүш (67-орун) жана Казакстан 3 коло алды (72-орун).

Тажикстандын спортчулары Олимпиада оюндарында байге ала алган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM