Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандык футболчу Элдор Шомуродов италиялык «Ромага» өттү

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 3 Авг 2021 | 1156 | 0

Өзбекстандык футболчу Элдор Шомуродов Италиянын «Рома» футбол клубуна өттү.

26 жаштагы Шомуродов «Рома» менен келишимди 2026-жылдын июнь айынын соңуна чейин түзгөн. Ал «Ромага» 17,5 млн еврого өткөн. Эми өзбекстандык футболчу «Ромада» 14-катар сан менен ойнойт.

Буга чейин Шомуродов Италиянын «Женоа» клубунда ойноп келген. Ал ага Орусиянын «Ростов» клубунан 2020-жылы 7,5 млн еврого өткөн. Алар менен түзүлгөн келишим 2024-жылдын жай айына чейин эсептелген болчу.

Италия чемпионатынын өткөн сезонунда Шомуродов «Женоанын» катарында 31 оюн өткөрүп, 8 гол киргизген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM