Биз менен байланышыңыз

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Кыска кабар , Спорт | 3 Авг 2021 | 473 | 0

Бүгүн, 3-августта Кыргызстанга UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов келди.

Нурмагомедов аралаш мушташ боюнча Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын мелдешине атайын конок катары катышат. Ал аталган уюмдун президенти болуп эсептелет.

Мелдеш бүгүн, 3-августта Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) өтөт.

Башкы беттеште лиганын учурдагы чемпиону Руслан Яманбаев (Орусия) чемпион наамын коргоо үчүн кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу (Кыргызстан) менен беттешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM