Биз менен байланышыңыз

«Жамиля» тасмасынын жаңы варианты тартылып жатат

Кыска кабар | 3 Авг 2021 | 546 | 0

Чынгыз Айтматовдун «Жамиля» повестинин негизинде көркөм тасма тартылып жатат. Бул тууралуу фильмдин режиссёру Элдар Турдумамбетов «Марал» радиосуна билдирди.

«Тасманы Чынгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата тартып жатабыз. Буюрса, жазуучунун туулган күнүндө, тактап айтканда, ушул жылдын декабрь айында элге көрсөтүлөт. Биз чыгарма кандай болсо, ошондой тартып жатабыз, ошол себептен мурдагы тартылган «Жамиля» тасмасынан айырмачылыктар көп эле болот», — деди режиссёр.

Белгилей кетсек, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» повестин 1968-жылы советтик кинорежиссёр Ирина Поплавская көркөм тасмага айланткан. Анда Жамилянын ролун Наталья Аринбасарова, Даниярдын ролун Сүймөнкул Чокморов, Сейиттин ролун Назирет Дубашев аткарган.

Мындан тышкары 1994-жылы да Кыргызстан-Германия-АКШ кызматташтыгынын алкагында режиссёр Моника Тойбер ушул эле тасманын немис тилиндеги вариантын тартып, анда башкы ролдорду Лин Дан Пам, Николай Кински, Бакыт Жаныбеков ойногон.

Жаңыча көз караш, жаңы вариантта тартылып жаткан көркөм тасмада казак актёрлору Эркебулан Дайыров, Камилла Сариева, Бекмырза Даанышманов, кыргыз актёрлору Азиз Мурадиллаев, Айсалкын Кыйыкбаева, Эркин Эгембердиев жана башка чыгаан өнөрпоздор роль жаратат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM