Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Кыргыз балбандарынын күрөшү «Ала-Тоо» аянтында көрсөтүлөт

Кыска кабар , Спорт | 3 Авг 2021 | 1119 | 0

Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандык балбандардын беттешин көрсөтүү үчүн борбордук «Ала-Тоо» аянтына чоң экран орнотулду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал бардык жарандарды кыргыз балбандарын колдоп кетүүгө чакырды.

«Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Акжол Махмудовдун Токиодогу Олимпиада оюндарындагы кармаштары түз эфирде көрсөтүлөт. Беттештер Бишкек убактысы боюнча 15:15те башталат. Биздин спортчуларды колдойлу», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 3-августта Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө чыгып, мелдештин жарым финалына өттү. Эми ал финалга чыгуу үчүн украиналык балбан кыз Ирина Коляденко менен күрөшөт.

Андан кийин 16:30да Акжол Махмудов венгриялык Тамаш Лёринц менен алтын үчүн күч сынашат.

Ал эми Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн кармашка чыгат. Анын беттеши саат 17:55те башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM