Connect with us

COVID-19: 797 адам ооруга чалдыгып, 10 адам каза болду

Кыска кабар | 3 Авг 2021 | 364 | 0

3-августка карата 797 адамдын COVID-19 илдетин жугузуп алганы аныкталды. Анын 445и Бишкек шаарынан, 3ү Ош шаарынан, 123ү Чүй облусунан, 13ү Ош облусунан, 20сы Талас облусунан, 16сы Нарын облусунан, 51и Ысык-Көл облусунан, 70и Жалал-Абад облусунан, 56сы Баткен облусунан катталган.

Ошол эле учурда акыркы суткада 1794 бейтап оорудан айыгып чыгып, 10 адам каза тапты.

Учурда стационарларда 3493 бейтап, үй шартында 9174 бейтап дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 165 миң 540 адам ооруга чалдыгып, анын ичинен 149 миң 171 бейтап ооруну жеңип чыкса, 2 миң 354 адам көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM