Кемин шаарындагы «Red Petroleum» май куюучу жайынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 2-августта саат 23:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун боюнда жайгашкан Кемин шаарындагы май куюучу жайга токтогон «Мерседес-Бенц» унаасынан өрт чыккан. Кырсыктан унаа толугу менен күйүп, андан тышкары 1 май куйган колонка, оператордун бөлмөсү, май куйган жайдын дүкөнү бастырмасы менен кошо өрттөнгөн.
Өрт 23:40та чектөөгө алынып, 3-август таңкы саат 4:36да толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.