Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча балбан Үзүр Жусупбеков (97 кг) көңүл жубатуучу беттеште атаандашына утулуп, коло байге үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Көңүл жубатуучу беттеште ал финляндиялык Арти Саволайнен менен күрөшүп, ага 1:4 эсебинде жеңилди.
Белгилей кетсек, кечээ, 2-августта биринчи кармашында Жусупбеков армениялык Артур Алексанянга 1:4 эсебинде жеңилип калган болчу. Аны уткан балбан финалга өткөндүктөн кыргызстандык балбан көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Белгилей кетсек, көңүл жубатуучу беттеште уткан балбанга коло үчүн күрөшүүгө жол ачылат.