Биз менен байланышыңыз

Сарыбашов Бишкек мэриясында иштеген уулун кызматтан алды

Кыска кабар | 2 Авг 2021 | 1618 | 0

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Таалайбек Сарыбашов мэрияда иштеген уулу Нурсултан Насирбековду кызматтан алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Кызматка жаңы киришкен мэрдин буйругу бүгүн, 2-августта чыккан.

Сарыбашовдун уулу Нурсултан Насирбеков мэрияда борбордук аппараттын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеген.

Белгилей кетсек, Сарыбашов буга чейин Ош шаарын жетектеп келген.

Таалайбек Сарыбашов Бишкектин калаа башчылыгына келди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM