Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп бекитилди

Кыска кабар | 2 Авг 2021 | 863 | 0

Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп бекитилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Учурда Бейшеналиев Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы өкүлү кызматын ээлейт. Ал аталган кызматка июнь айынын башында дайындалган.

Буга чейин ал Кыргызстандын билим берүү жана илим министри болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM