Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов кыргызстандыктарга кайрылды (видео)

Кыска кабар , Спорт | 2 Авг 2021 | 496 | 0

Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште финалга чыккан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов кыргызстандыктарга кайрылды.

Ал жеңишин Кыргызстандын элине арнай турганын айтып, медаль үчүн күрөштө байге ала албай калган спортчуларды сындабоого чакырган.

«Кыргыз элим бул жеңишим силерге арналат. Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт… Утулуп калган, өз максаттарына жете албай калган жигиттерди сындабаңыздар. Бул спорт», — деген ал.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов эртең, 3-августта Олимпиаданын финалында венгриялык балбан Тамаш Лёринц менен күрөшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM