Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Айпери Медет кызы 5-орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 2 Авг 2021 | 659 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Токиодогу Олимпиадада кыз-келиндер арасындагы күрөштө 5-орунду ээледи.

Ал коло үчүн мелдеште түркиялык Ясемин Адар менен күрөштү. Анда Адар Айпери Медет кызын далысына басып, таза жеңиш менен утуп алды.

Белгилей кетсек, коло медаль үчүн беттешине чейин ал үч кармаш өткөргөн. Биринчисинде казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1, экинчисинде орусиялык Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде жеңген. Жарым финалдык беттеште америкалык Аделайн Грейге 2:3 эсебинде утулуп калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM