Биз менен байланышыңыз

Мээрим Жуманазарова коло үчүн күрөштү улантат

Кыска кабар , Спорт | 2 Авг 2021 | 662 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Олимпиаданын колосу үчүн күрөштү улантууга мүмкүнчүлүк алды.

Жуманазарованы чейрек финалда уткан нигериялык Блессинг Оборудуду финалга өткөндүктөн, кыргызстандык спортчу кыз эртең, 3-августта көңүл жубатуучу беттешке чыгат.

Белгилей кетсек, биринчи кармашында кыргызстандык балбан кыз болгариялык Мими Христованы 7:5 эсебинде жеңген. Чейрек финалда Жуманазарова нигериялык Блессинг Оборудуду менен күрөшүп, 2:3 эсебинде утулган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM