Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 2 Авг 2021 | 316 | 0

Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү «Х.И.» аттуу чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Ал өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөн. Эл аралык терроризмдин чет элдик борборлорунун координациясы астында, согуш жүрүп жаткан аймакка жиберүү максатында калктын диний бөлүгү арасында активдүү үгүт иштерин жүргүзгөн.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул террордук уюмдун ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иштерин улантууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM