Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.
2-августтан 4-августка чейин тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо аба ырайы бузулат. Кара нөшөрдөн улам сел жүрүшү, өзөн-дарыяларда суу ташышы мүмкүн.
Ошол себептен суу өткөрүү түтүктөрүн, дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштерин жүргүзүп, кооптуу делген жайларды текшерүүдөн өткөрүү зарыл.