Токиодогу Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77 кг) грек-рим күрөшү боюнча мелдештин жарым финалына чыкты. Жарым финалдык кармаштар бүгүн саат 15:15те башталат.
Акжол Махмудов чейрек финалда азербайжандык Рафик Хусейновду 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Биринчи кармашында да тунистик Ламжед Маафини 11:0 эсебинде беттештин биринчи бөлүгүндө эле уткан.
Эми ал жарым финалда армениялык Карапет Чалян менен күрөшөт.