Биз менен байланышыңыз

Токиодо өзгөчө кырдаал режими 31-августка чейин узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июл 2021 | 998 | 0

Коронавируска байланыштуу Япониянын борбору Токиодо өзгөчө кырдаал режими 31-августка чейин узартылды.

Буга чейин өзгөчө кырдаал 22-августка чейин болгон. Аны менен бирге бир нече префектураларда да өзгөчө кырдаал киргизилген.

Кечээ, 29-июлда Японияда коронавирус 10 миң 699 кишиден табылган. Анын ичинен Токионун өзүндө эле 3 миң 865 киши илдетке чалдыккан.

Белгилүү болгондой учурда Токиодо Олимпиада оюндары өтүүдө. Оюндарга катышууга келген делегациялардан да коронавирус табылууда. Оору жуктурган спортчулар мелдешке катыша албай калууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM