Connect with us

Марипов Таластагы Атай Огонбаев атындагы мектептин абалы менен таанышты

Кыска кабар | 30 Июл 2021 | 402 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Көк-Кашат айылындагы Атай Огонбаев атындагы мектептин абалы менен таанышты.

Буга чейин жарандардан мектептин сапаты боюнча арыздануулар болгон.

Мектеп 2015-жылы салынган. Бирок окуу имаратынын абалы жакшы эмес: спорт залынын полу чирип кеткен; жылытуу тутуму начар иштейт.

Архитектура агенттигинин маалыматы боюнча, курулуш жүргүзүүдө тиешелүү талаптар сакталбай, мектепти салган компаниянын иши да көзөмөлдөнгөн эмес.

Марипов бул маселе боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, кемчиликтерге жол берген адамдарды жоопко тартуу, ошондой эле мектепти жаңы окуу жылына даярдоо тапшырмасын берди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM