Бүгүн, 30-июль саат 11:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 120га жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Чек ара кызматы белгилегендей, аталган бекетте унаалардын топтолушу жүк ташуулардын көбөйгөнү менен байланыштуу.
Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттеринде кезек жок.
Бош бара жаткан жүк ташуучу унаалар Казакстанга «Кең-Булуң» бекети аркылуу чыгып кете алышат.