Connect with us

Баткен: Өкүлчүлүк Таш-Тумшукта болгон окуя боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 30 Июл 2021 | 467 | 0

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кечээ, 29-июлда Таш-Тумшук айылында болгон окуя боюнча маалымат берди.

Өкүлчүлүк билдиргендей, 29-июль күнү саат 20:10 чамасында Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, облус башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Ак-Сай айыл аймагынын башчысы Алимбек Сабиров Ак-Сай айылындагы жаңыдан курулуп жаткан үйлөрдүн курулуштары менен таанышып чыккан соң, Таш-Тумшук айылына барышкан. Ал жакта турак үйлөрдү көрүп жаткан учурда жанаша жайгашкан Тажикстандын Хожа-Ало айылынын 15-20 тургуну келген. Ортодо пикир келишпестик жаралып, Тажикстан тараптан бир жаран таш ыргыткан. Натыйжада Ак-Сай айыл аймагынын башчысын унаасынын алдыңкы жана арткы айнектери сынган.

Окуядан кийин териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугушкан. Анда тажик жарандарынын жат аракеттери боюнча маселе көтөрүлгөн. Тажикстандын Исфара райондук милициясынын башчысы тажик жарандары тарабынан келтирилген чыгымдар төлөнөрүн, таш ыргыткандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн убада кылган.

Бүгүн Баткен менен Исфара районунун акимдери, күч органдарынын жолугушуусу өтүүдө. Анда чыр-чатактарды болтурбоо, алдын алуу, чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу жана катталган окуялардын себептерин биргелешип иликтөө боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM