Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Бишкек-Ош унаа жолун оңдоо ишинин жүрүшү менен таанышып, Өтмөк ашуусундагы Суусамыр-Талас-Тараз жолунун абалын текшерди.
Учурда Бишкек-Ош унаа жолунун айрым тилкелеринде кайрадан асфальттоо иштери жүрүп жатат.
Улукбек Марипов Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол оңдоо иштерин болушунча тездетип, өз убагында, сапаттуу бүткөрүү, ошондой эле Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгына кырсыктарды болтурбоо тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-141-чакырымына чейин эки катмарлуу асфальт-бетон төшөө «Капиталдык салымдар» беренесинин негизинде жүргүзүлүүдө. Ал 2021-жылдын республикалык бюджетинен каржыланат.
Андан соң Министрлер кабинетинин төрагасы Өтмөк ашуусундагы Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун абалы менен таанышты.