Connect with us

Жарым жылда «Манас» аэропорту 1,6 млрд сомдон ашык таза киреше тапты

Кыска кабар | 30 Июл 2021 | 675 | 0

Быйыл жарым жылда «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы 1 млрд 657 млн 936 миң сом таза киреше тапты.

Компания билдиргендей, буга чейин алардын жарым жылдыкта тапкан таза кирешеси мынчалык көп болгон эмес. Мурда эң көп деп эсептелген 2019-жылдын 6 айына караганда быйыл компания 606 млн 609 миң сомго көбүрөөк пайда көргөн.

«2019-жылдын 6 айында киреше 2 млрд 384 млн 630 миң, 2020-жылы – 1 млрд 720 млн 332 миң, ал эми быйыл 3 млрд 191 млн 666 миң сомду түздү», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM