Бишкек шаарында оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, абанын температурасы 28 градустан ашкан учурда саат 10:00дөн 20:00гө чейин 18 тонна жана андан жогорку салмакта жүк ташыган унаалардын шаарга кирүүсүнө жана көчөлөрүндө жүрүүсүнө тыюу салынат. Чектөө 28-июлдан 1-сентябрга чейин күчүндө болот.
Ошол эле учурда бул чектөөнүн жүргүнчү ташыган, гуманитардык жардам алып бараткан, уруксат кагазы бар унааларга жана шаардын курулуш, жол оңдоо дагы ушул сыяктуу иштери үчүн материал ташыган транспортторго тиешеси жок экенин мэрия эскертет.