Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Кытай, Япония жана АКШ алдыда

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 30 Июл 2021 | 871 | 0

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында алтын медалдардын саны боюнча Кытай алдыга чыкты.

Биринчи орунда турган Кытайдын спортчулары 16 алтын, 7 күмүш жана 10 коло (33 медаль) утту. Андан кийинки орундарда 15 алтын, 4 күмүш жана 6 коло (25 медаль) алган Япония менен 14 алтын, 16 күмүш жана 11 колосу (41 медаль) бар АКШ турат.

Аталган үч мамлекеттин улам бирөөсү алдыга озуп, биринчиликти талашууда.

Олимпиада оюндарында Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстан 1 алтын, 1 коло, Түркмөнстан 1 күмүш жана Казакстан 3 коло жеңди.

Кыргызстан менен Тажикстандын спортчулары азырынча байге ала элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM