Биз менен байланышыңыз

Ош: Жол кырсыктан эки адам каза тапты

Кыска кабар | 30 Июл 2021 | 492 | 0

Алай районундагы Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун Кызыл-Коргон айылы тилкесинде болгон жол кырсыгынан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

«Тойота Ист» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, Гүлчө суусуна кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаадагы бир эркек, бир аял каза тапкан.

Жерине барган ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнүн 4 куткаруучусу унааны суудан чыгарып, каза тапкан адамдарды ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM