Биз менен байланышыңыз

Мургабга келген туристтердин саны азайды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 1099 | 0

Коронавируска байланыштуу Тажикстандын Мургаб районуна келген туристтердин саны азайды.

Аталган райондун тургундарынын басымдуу бөлүгүн кыргыз улутундагылар түзөт. Алар кирешесин сырттан келгендерди коноктоо аркылуу таап келишет.

Райондун тургуну Мендигүл Апандиеванын айтымында, пандемия башталган акыркы эки жылдан бери туристтер каттабай калышты.

«Биз кирешебизди туристтердин эсебинен таап келгенбиз. Жылына 50-100 туристти конокточубуз. Эч ким келбей калганына экинчи жыл болду», — дейт ал.

Мургаб районунун тургундары анткен менен кырдаал жакшырат деген үмүттө үйлөрүн конок тосууга даярдап турушат.

Былтыркыга салыштырмалуу быйыл Мургабга туристтер аз болсо да келе баштаган. Бирок аны пандемия башталганга чейинки убакка салыштырууга болбойт. Маселен, быйыл Мургабга 15 турист келген. Ал эми 2019-жылы 4 миң 500 саякатчы келип кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM