Биз менен байланышыңыз

Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктар тапшырылат

Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 525 | 0

Президент Садыр Жапаров «2020-жылдагы илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Өлкө башчысы аталган тармак боюнча сыйлыкка сунуштоо комитети жөнөткөн чечимди карап чыгып, төмөндөгү адамдарга «Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты» наамын берүүнү туура тапты:

1) «Хирургиялык эндокринологиянын проблемалары» илимий-тажрыйбалык эмгеги үчүн:

— Чынгышпаев Шамиль Мукашевич – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

— Ахунбаева Нелли Исаевна – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

— Бебезов Хаки – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

— Ахунбаев Стальбек Медерович– Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору, медицина илимдеринин кандидаты;

— Шаназаров Алмаз Согомбаевич – Эл аралык жогорку медицина мектебинин академиялык борборунун директору, медицина илимдеринин доктору;

— Айдаралиев Арсен Асылбекович – Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси, медицина илимдеринин доктору;

— Казакбаев Айтбай Тургунбаевич – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин кандидаты;

— Кочоров Орозали Тайтокурович – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

2) «Заманбап илимий-дүйнө таануу маданиятын түзүү жана өнүктүрүү теориясы» илимий эмгеги үчүн:

Ашимов Исабек – Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасы, медицина илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору, профессор.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM