Биз менен байланышыңыз

Марипов Сауд Аравиясынын элчиси менен жолугушту

Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 446 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Марипов элчини кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Сүйлөшүүнүң жүрүшүндө эки өлкөнүн кызматташуу маселелери талкууланды. Марипов Кыргызстан Сауд Аравиясы менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин билдирди. Айрыкча соода-экономикалык байланыштарды арттырууга, инвестицияларды тартууга, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү чоң экенин, соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-сауд комитетинин кезектеги үчүнчү жыйынын өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде элчи Сауд Аравиясы Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга өзгөчө маани берерин белгилеп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн колдон келген күч-аракетин жумшарын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM