Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тил комиссиясынын аталышы өзгөрдү

Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 403 | 0

Президент Садыр Жапаров «КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аталышы КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия деген аталышка өзгөртүлдү. Бул чечим мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында кабыл алынган.

Андан тышкары төмөнкү мамлекеттик мекемелер баштапкы аталыштарын өзгөртүү менен аталган комиссиянын карамагына өткөрүлүп берилди:

– Улуттук илимдер академиясынын алдындагы «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, Өкмөттүн алдындагы Терминологиялык комиссия бириктирилип, мындан ары Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору;

– «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси мындан ары Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси деп атала турган болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM