Биз менен байланышыңыз

Баткен: Элден чогулган акчанын 12,8 млн сому Максат айылынын таза суусуна жумшалат

Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 345 | 1

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин жардам катары элден чогулган акчанын 12 млн 800 миң сомун Лейлек районундагы Максат айылынын таза суу маселесин чечүүгө жумшоо пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында экономика жана каржы министри Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, атайын эсепке жалпы 118 млн сом чогулуп, ал каражат азырынча колдонула элек. Анын иштетилишин караштыруу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан комиссия түзүлгөн.

«Учурда Максат айылында таза сууну калыбына келтирүү боюнча бир сунуш бар. Ага 12 млн 800 миң сом каралууда. Бүгүн-эртең чечим чыкса, ага каражат бөлүнөт», — деди ал.

1 пикир

1 пикир

  1. Умутай

    29.07.2021 16:23

    Кыргыз тажик чек арасында ок тийгендерге да акчалай жардам берсениздер жакшы болмок

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM