Биз менен байланышыңыз

ШКУ мамлекеттеринин коргоо министрлери келерки жылы Өзбекстанда жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 586 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген мамлекеттердин коргоо министрлеринин 2022-жылдагы жолугушуусу Өзбекстанда өтөт.

Белгилей кетсек, 28-июлда Душанбеде ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жолугушуусу болгон.

Жолугушууда министрлер ШКУга мүчө мамлекеттердин чек араларындагы коркунучтарга каршы турууну, аскерий коопсуздук тармагында маалымат алмашууну ж.б. маселелерди талкуулашкан. Ошондой эле алар аймактык туруктуулукту камсыздоо үчүн кызматташууну арттырууну, ШКУнун өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүүнү макулдашкан.

ШКУга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Пакистан жана Индия мүчөлүк кылат. Ооганстан, Беларусь, Иран, Монголиянын байкоочу мамлекет, Армения, Азербайжан, Шри-Ланка, Камбоджа, Түркия жана Непалдын диалог боюнча өнөктөш макамы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM