Connect with us

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салды – некролог

Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 440 | 0

Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады. 28-июлда 78 жаш курагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салды.

Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ноокен районунун Кыла айылында туулган.

1965-жылы Фрунзе шаарындагы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1965-жылы Ноокен (мурдагы Ленин) районундагы Арал совхозунда агроном болуп баштаган.

1967-1971-жылдары Лейлек райондук айыл чарба башкармалыгында башкы экономист, бөлүм башчы болуп эмгектенген.

1971-1975-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Лейлек райкомунун инспектору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, экинчи катчысы, 1975-1978-жылдары Лейлек райондук Аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

1978-1983-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Базар-Коргон райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.

1983-1985-жылдары партиянын Кара-Суу райондук комитетинин биринчи катчысы, 1988-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССР Мамлекеттик агроөнөр жай комитетинин төрагасы – Кыргызстан Министрлер Советинин төрагасынын биринчи орун басары, 1990-жылы Партиянын Ош обкомунун биринчи катчысы, 1992-1993-жылдары Кыргызстандын Казакстандагы соода өкүлү, 1993-1995-жылдары «Кыргыз дан азык» акционердик коомунун төрагасы, 1999-жылы КМШ өлкөлөрүнүн кеңешинин төрагасынын Кыргызстан боюнча орун басары, 2005-2006-жылдары президенттин администрациясынын жетекчиси кызматында эмгектенген.

1980-1990-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты болгон.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

«Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, «Эмгек Кызыл Туу» ордени, «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы менен сыйланган.

Кыргыз элинин чыгаан уулу, коомчулукта өзүнүн кайталангыс эмгеги менен элдин калың катмарына таанымал болгон ишмер Үсөн Сыдыковдун жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, Т. Т. Мамытов, У. А. Марипов, С. С. Касмамбетов, Н. Ж. Бакирова, Р. И. Отунбаева, С. Ш. Жээнбеков, Ч. Абыкеев, Т. Ш. Масадыков, К. Т. Зулушев, А. К. Касымалиева, Н. Ө. Сыдыгалиев, А. Дж. Джунушалиев, Ж. К. Бакашова, А. Ү. Жапаров, Д. Д. Догоев, Ө. М. Бакиров, Ж. К. Турускулов, Н. К. Алимбеков, Б. Э. Төрөбаев ж.б. 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM