Connect with us

Фейктер боюнча мыйзамга беш депутат каршы чыкты

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 876 | 0

Жогорку Кеңештин беш депутаты «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы добуш берди.

Алар: Абдывахап Нурбаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Жанарбек Акаев жана Нурбек Тотонов.

Депутаттар 28-июлда жогоруда айтылган мыйзам долбооруна кайталап добуш берди. Биринчи окууда каттоодон өткөн 97 депутаттын 59у «макул»,  38и «каршы» болгон. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүшү үчүн 61 добуш талап кылынат. Бүгүнкү жыйында долбоорду кайра добушка коюу сунушталган.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова сунуштаган. Аны коомчулук кескин сындап, сөз эркиндигин чектейт деп эскертишкен.

Нааразычылыктардан кийин мыйзам долбоорун президент артка кайтарып, кайра толуктоолор киргизилген.

Төмөндө добуш берүүнүн толук тизмеси:

Депутаттар талаш жараткан «фейктер» тууралуу мыйзамды колдоду (тизмеси)

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM