Биз менен байланышыңыз

Шайлдабекова депутат Маматалиев менен кайым айтышты

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 1193 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттин 28-июлдагы жыйынында кайым айтыша кетти.

Бүгүнкү жыйында шайлоо мыйзамдары талкууланып жаткан. Ал учурда сөз алган Маматалиев БШКнын төрайымын шайлоо учурунда жана мыйзам бузуулар катталганда бардык партияларга бирдей мамиле кылууга чакырды.

«Мен сиздин төрайым катары акыйкат болууңузду каалайт элем. Айрым депутаттар же партиялар жагабы, жакпайбы, баарына бирдей карап берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Ансыз деле Бишкек шаардык кеңешине талапкер көрсөткөн айрым партиялардын мыйзам бузуулары адилеттүү каралбай калды. Ошол жерде керек болсо айрым партиялар кечки, түшкү тамак алып келип жатышты, аны видеокамералардан көрсө болот. Ошол партиялар акча берди деген сөз тарады. Бул нерселер келечекте кайталанбашы керек. Бир партиянын мыйзам бузууларын бир түндө карадыңызбы, башкасын да бир түндө караңыз», — деди депутат Маматалиев.

Нуржан Шайлдабекова Маматалиевди кызмат ордунан пайдаланып, БШКнын ишине кийлигишпөөгө чакырды. Депутат анын сөзүнө комментарий бербөөнү өтүнүп, фактыларын керек болсо президентке киргизерин эскертти.

Шайлдабекова бардык мыйзам бузуу фактылары караларын айтып, жооп берди.

Мындай кайым айтышууга эл өкүлү Шайлообек Атазов да кошулду. Ал депутаттарга каяша айтып отурган жетекчилер кимге таянып жатканын сурап, ызырынды.

«Жогорку Кеңештин депутатына каяша сүйлөп отуруу эмне деген көрүнүш?! Депутат шаардык кеңешке катышкан партиялардын мыйзам бузууларын адилеттүү кароого чакырып жатат. Боршайкомдун адилетсиздигинен кайра-кайра революция болуп жатат. Сизге суроо бергенде каяша сүйлөбөй эле жооп берип коюңуз!» — деди Атазов.

Төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңештин регламенти боюнча депутаттар суроо берүүгө жана жооп алууга укугу бар экенин айтты жана адамдын жекелигине асылбоого чакырды.

Бүгүн, 28-июлда парламенттин депутаттары шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM