Биз менен байланышыңыз

Мыйзам долбоору: Шайлоо алдында каттоодон өткөн партиялар да ЖК шайлоосуна катыша алат

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 428 | 0

Бүгүн, 28-июлда Жогорку Кеңеште «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Мыйзам долбоорун президент демилгелеген.

Депутат Алтынбек Сулаймановдун айтымында, бул мыйзам долбоорунда парламенттик шайлоого катышуу үчүн партиялар шайлоо күнү белгиленгенге чейин алты ай мурда каттоодон өткөн болушу керек дегеп талап алынып салынды.

«Шайлоо бүгүн жарыяланган болсо, кечээ күнү каттоодон өткөн партия да шайлоого катыша алат», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM