Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Вакцина албай, мамлекетке зыян келтирип жатасыңар

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 517 | 0

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Кайрылуу Жапаровдун инстаграмдагы баракчасына жарыяланды.

Андагы маалыматка таянсак, 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келинүүдө. Андан тышкары, бир оорулууну 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда.

«Урматтуу кыргызстандыктар! COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшүңүздөрдү дагы бир жолу суранабыз. Акыркы күндөрү ооруканага түшкөн жарандарыбыздын дээрлик 100%ы вакцина албагандар болуп жатат. Бюджетибиз ансыз да эңшерилип турганда ого бетер оорчулук келүүдө. Жалпысынан 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келип жатабыз. Андан тышкары, бир оорулууну 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда. Эмдөөдөн өтпөй коюу менен өзүңөргө, жакындарыңарга, кошунаңарга жана мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыздар. Ошондуктан көптөн-көп сураныч, вакцина алыңыздар!» — деп жазылат Жапаровдун кайрылуусунда.

Президент өзү 23-июлда Кытайда өндүрүлгөн «Синофарм» вакцинасын алган.

Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөөдөн өттү (видео, сүрөт)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM