Биз менен байланышыңыз

Кадыр Маликов муфтийдин орун басары кызматынан кетти

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 428 | 0

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кадыр Маликов кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал мындай чечимди саламаттыгына байланыштуу кабыл алган.

Кадыр Маликов муфтийдин орун басары болуп 2020-жылы 21-августта дайындалган.

Ал эл аралык жана жергиликтүү журналдардын редактору, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда Байкоочу кеңештин мүчөсү болуп иштеген.

БИЛИМИ:

  • 1992-1993-жылдары Азирети Умар атындагы Ислам институтунда диний билимге ээ болгон.
  • 1995-1996-жылдары Пакистандагы Абу Ханифа Ислам окуу жайын бүтүргөн.
  • 1997-2005-жылдар аралыгында Иордания университетинин шарият факультетин аяктаган.
  • 2004-2005-жылдары Испанияда «Complutense de Madrid» университетинин атайын курсунан билимин жогорулаткан.
  • 2007-жылы Испаниянын «Autonoma» университетинен докторлугун жактаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

  • 2001-жылы Иорданиянын Амман шаарында соттук корпуста иштеген;
  • 2002-2003-жылдары Билим берүү, илим жана маданият министрлигиндеги эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2006-2008-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинин улук илимий кызматкери;
  • 2010-2012-жылдары УКМКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү;
  • 2009-2013-жылдары Ички иштер министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси;
  • 2017-2020-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;
  • Президентке караштуу Эксперттик кеңештин мүчөсү;
  • Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын доцентинин милдетин аткаруучу.
  • «Дин, укук жана саясат» көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун директору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM