Биз менен байланышыңыз

Бай жана кедей өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык ажырым чоңоюуда

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 623 | 0

Пандемиядан кийин дүйнөлүк экономика калыбына келүүнү улантып жатат. Бирок экономикасы гүлдөп өнүккөн өлкөлөр менен жаңы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ортосундагы айырмачылык барган сайын көбөйүүдө. Мындай маалыматты Эл аралык валюта фонду таратты.

Euronews кабарлагандай, эксперттер быйыл дүйнөлүк экономикалык өсүштүн акыркы болжолун 6% деп болжошкон. Бирок анын түзүмү өзгөрдү, тагыраагы, Азия өлкөлөрүндөгү өнүгүү жай болууда.

«Бул дисбалансты жоюу үчүн жыл аягына чейин вакцинасы ашыкча болгон мамлекеттер муктаж өлкөлөргө бир миллиард доза, сентябрдын аягына чейин 250 млн доза вакцина жардам бериши керек. Эгер COVAX программасы аркылуу бул кайрымдуулук вакциналары берилсе, анда жыл аягына чейин эмдөөнүн темпин тездетүүгө чоң кадам таштай алабыз», — деди Эл аралык валюта фондунун башкы экономисти Гита Гопинат.

Эл аралык валюта фонду дагы 11 миллиард доза вакцина үчүн 43 миллиард евро бөлүүнү сунуштоодо.

Прогноздордун өзгөрүшүнө пандемия шартындагы айырмачылыктар түрткү болгон. Мисалы, көптөгөн бай өлкөлөрдө калктын 40%ы эмдөөдөн өтсө, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде элдин 11 пайызы да эмдөөдөн өтүп бүтө элек.

Экономикадагы чоң айырмачылыкка саясий чечимдер да себеп болууда.

«Экономикасы өнүккөн мамлекеттерде бюджетти колдоо чаралары туруктуу түрдө болот. Ал эми көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бул колдоо пандемия учурунда токтоду. Бул өлкөлөр бүгүнкү күндө бюджеттик запастарды рационалдуу пайдаланбай жатат«, — деп кошумчалады Гопинат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM