Биз менен байланышыңыз

«Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө» мыйзамга үчүнчү окууда добуш берилет

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 870 | 0

«Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө» мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөр добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бүгүн, 28-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карашты.

Демилгечилер – депутаттар Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев, Мирлан Жеенчороев, Алтынбек Сулайманов, Карамат Орозова, Улук Садиков, Айбек Осмонов.

Документте чек ара аймагында жашаган жергиликтүү жарандардан, тактап айтканда, ошол жерди мыкты билген адамдардан атайын кошуун түзүү, аларды аскердик окуудан, машыгуулардан өткөрүү, зарыл болгон учурда курал колдонуусуна уруксат берүү маселелери сунушталган. Курал-жарак же коргонуу каражаттарын берүүнү Министрлер кабинети аныктайт.

Мыйзам ишке кирсе, «чек арадагы ыйгарым укуктуу кошуундардын» макамы аскер кызматкерлеринин даражасына теңелип, өмүрүнө, саламаттыгына кепилдикти мамлекет алат. Андан тышкары, мындай кошуундарды өлкөнүн бардык аймактарында көбөйтүү маселеси да камтылган.

Мыйзам долбоору 2015-жылы иштелип чыккан, азыр айрым өзгөртүүлөр сунушталууда. Башкы максаты, өлкөнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, жарандардын коопсуздугун коргоо үчүн чек арачыларга жардам берүү болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM