Connect with us

Айсулуу Тыныбекова баштаган балбан кыздар Токиого учуп кетти

Кыска кабар , Спорт | 28 Июл 2021 | 513 | 0

Бүгүн, 28-июлда Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курамасы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Токиого учуп кетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан кыз-келиндер арасында Олимпиада оюндарына Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова жолдомо алган.

Аларды башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев коштоп кеткен.

Кыздар арасында алгач күрөшкө Айпери Медет кызы 1-августта саат 8:00дө чыгат. Андан кийин 2-августта Мээрим Жуманазарова (саат 8:30да) күчүн сынайт. Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө 3-августта саат 8:30да чыгат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM