Connect with us

АКШ Кыргызстанга 1,1 млн долларлык медициналык жабдуу берди

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 244 | 0

АКШ Кыргызстандын ооруканаларына COVID-19 менен күрөшүү үчүн 1,1 млн долларлык медициналык жабдуу тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Жардам АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу берилген. Медициналык жабдууларды Бишкек, Чүй жана Ош облустарындагы 5 оорукана жана 3 үй-бүлөлүк медициналык борбор алган.

Жабдыктардын ичинде көчмө санарип рентген аппараттары, тоңдургучтар, кычкылтер концентраторлору ж.б. бар.

Пандемия башталгандан бери USAID Кыргызстанга 4 млн долларлык жардам көрсөткөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM