Биз менен байланышыңыз

Корумду-Балбай жолу: Депутаттар насыянын пайызы жогору экенин сындашты

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 370 | 0

Бүгүн, 28-июлда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Ысык-Көл облусунун айланма жолунун Корумду-Балбай тилкесин реконструкциялоого насыя алуу жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимге 2021-жылдын 3-февралында кол коюлган.

Ушул эле жолдун курулушуна ОПЕК эл аралык ɵнүктүрүү фондунан да насыя алуу пландалууда.

Транспорт, архитектура, курулуш жана  коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек  Кайыңбаевдин маалыматына караганда, Корумду-Балбай жолунун узундугу 81 чакырым болот.

Жолдун курулушуна үч эл аралык каржы уюмунан 128 млн доллар өлчөмүндө каражат  тартылат. Каржылоонун 35 пайызы грант, калганы насыя түрүндө 23 жылга 1,5 жана 2,5  пайыздык өлчөм менен берилет.

Корумду-Балбай жолу 2026-жылы куруп бүтүү пландалган.

Депутат Улугбек Ормонов жолдун ар бир чакырымынын курулушунун баасы жогору экенин айтып, насыя да жогору пайыз менен берилип жатканын сындады. Мындай пикирди көпчүлүк депутаттар да колдоп, жолду реконструкциялоого насыяны 0,7 пайыз менен алса болорун айтышууда.

Кыргызстан 1996-жылдан бери эл аралык өнөктөштөрдөн 2,5 млрд доллар насыяны жол тармагына алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM