Connect with us

Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков каза болду

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 762 | 0

КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 78 жаш курагында дүйнө салды.

Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 29-июлда Опера жана балет театрында өтөт.

Сыдыков 1943-жылы Ош облусунун Ленин районунда (азыркы Жалал-Абад облусунун Ноокен району) жарык дүйнөгө келген.

Алгачкы эмгек жолун өзү туулган совхоздо агроном болуу менен баштаган.

Ал 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болгон.

2005-2006-жылдары президенттин администрациясынын жетекчиси кызматын аркалаган. 2006-2008-жылдары президенттин мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген.

2007-жылы «КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамын алган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM