Биз менен байланышыңыз

Оор атлетчи кыз Түркмөнстанга тарыхындагы алгачкы олимпиада медалын алып берди

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 28 Июл 2021 | 691 | 0

Түркмөнстандык оор атлетчи Полина Гурьева Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 59 килограмм салмакта күмүш медаль утуп алды.

Бул эгемен Түркмөнстандын тарыхындагы Олимпиада оюндарында алган алгачкы медаль болуп калды.

Гурьева булкуп көтөрүүдө 96 кг, түртүп көтөрүүдө 121 кг салмакты багындырып, жалпы 217 кг көтөргөн.

Биринчи орунду жалпы 236 кг (булкуп көтөрүү 103 кг жана түртүп көтөрүү 133 кг) көтөргөн Тайбэйдин (Кытай) спортчусу Го Синчжунь алган.

Коло байгени 214 кг (94 жана 120) салмакты көтөргөн япониялык Микико Андо жеңген.

Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарында Борбор Азия мамлекеттери арасында Өзбекстан бир алтын, Түркмөнстан 1 күмүш жана Казакстан 3 коло жеңди.

Кыргызстан менен Тажикстандын спортчулары азырынча байге ала элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM