Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Он үч адам каза болуп, 996 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 295 | 0

Кыргызстанда 28-июлга карата коронавирус инфекциясынан 13 адам каза болду. Республикалык штабдын маалыматына караганда, өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 2288 адамга жетти.

Акыркы сутка ичинде дагы 996 адамдан коронавирус табылды. Өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирус менен катталгандардын саны 160 085 адамга жетти.

Ошол эле суткада 1723 адам айыгып чыкты. Ооруну жеңгендер 140 039 адам болду.

Учурда ооруканада 3928 адам, ал эми 12 528 бейтап үйдө дарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM