Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга QazVac жана AstraZeneca вакциналары алып келинет

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 291 | 0

Казакстанда өндүрүлгөн QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

QazVac вакцинасы Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү илим-изилдөө институту тарабынан иштелип чыкан. 2021-жылдын башынан тарта эмдөө үчүн кеңири колдонулуп келе жатат.

Клиникалык изилдөөлөр жана аны Казакстанда кеңири колдонуу практикасы QazVac вакцинасынын коопсуздугун, коронавирустук инфекциянын жана анын оор формаларынын алдын алууда жогорку натыйжасын көрсөткөн. QazVac вакцинасы 18 жаштан жогору адамдарга 21 күн аралыкты сактоо менен эки этапта булчуңга сайылат.

Мындан тышкары 29-июлда Швейцариядан AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасы алып келинет.

Кыргызстандыктар учурда Кытайда өндүрүлгөн Sinopharm, Орусия өндүрүшүндөгү Спутник-V, Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca вациналарын алууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM