Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Суучул Денис Петрашов жарым финалга чыга алган жок

Кыска кабар , Спорт | 27 Июл 2021 | 625 | 0

Токиодогу Олимпиада оюндарында сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкка (брасс стилинде) жарышта кыргызстандык суучул Денис Петрашов жарым финалга чыга алган жок.

Кыргызстандык суучул өз тобунда 2:10,07 убакыт менен биринчи келди. Бирок финалга чыккан 16 спортчунун катарына кире алган жок. Ал жалпы жыйынтык боюнча 18-орунду ээледи.

Жарышка 40 спортчу 5 топко бөлүнүп жарышкан.

Буга чейин Петрашов 100 метр (брасс стилинде) аралыктагы жарышка катышып, бирок жарым финалга чыга алган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM