Биз менен байланышыңыз

Tesla апрель-июнь айларында 1 млрд доллардан ашык киреше тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 692 | 0

Быйылкы жылдын апрель-июнь айларында америкалык электр унааларын чыгарган Tesla компаниясынын таза кирешеси 1,14 млрд долларды түздү.

Компаниянын бул кирешеси былтыркы жылдын экинчи чейрегинде тапкан кирешесинен 10 эсе көп болгон.

Ошондой эле компания апрель-июнь айларында 206 миң 421 электр унаасын чыгарган. Анын ичинен 201 миң 304 унаа буйрутмачылардын колуна тийген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM