Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Бейшеналиев ДСУнун башкы директоруна ишеним грамоталарын тапшырды

Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 661 | 0

Кыргызстандын БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы Женева шаарындагы өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Дүйнөлүк Соода Уюмунун  башкы директору Нгози Оконжо-Ивеалага ишеним грамоталарын тапшырды.

Жолугушууда Бейшеналиев уюмдун башкы директоруна Кыргызстандагы ички саясий жана экономикалык кырдаал боюнча маалымат берген.

Бейшеналиев Нгози Оконжо-Ивеаланы жакында уюмдун башкы директору кызматына дайындалгандыгы менен куттуктаган. Ошондой эле ал уюмдун ноябрь-декабрь айында боло турган турган Министрлер конференциясын ийгиликтүү өткөрүүнү каалаган.

Нгози Оконжо-Ивеала Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө башка мамлекеттер үчүн терең реформаларды жүргүзүүдө үлгү көрсөткөн өлкөлөрдүн бири экендигин белгилеген. Ал Бейшеналиевдин ишине ийгилик каалап, ортодогу кызматташтык жемиштүү болот деген үмүтүн билдирген. Ошондой эле ал Министрлер конференциясына Борбор Азия мамлекеттеринин өлкө башчыларынын катышуусу каралып жаткандыгын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM