Биз менен байланышыңыз

Асылбек Жээнбековдун камактагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 472 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун камактагы мөөнөтү 30-сентябрга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков ушул жылдын 31-майында «Кумтөр» ишине байланыштуу эки айга камакка алынган.

Аны менен кошо депутат Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов камалган. Исхак Пирматов үй камагына чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM